Кызымдын боюнда болуп калыптыр. эмне кылсам,билбей жатам(((

Кызымдын боюнда болуп калыптыр. эмне кылсам,билбей жатам(((

2 жыл болду суйлошконубузго,АЛ МАГА жагат мен да жагам.

Кээде гостиницага барып шайтанга азгырылып койчубуз.

Эки кун мурун узиге барыптыр 4 недели плод дептир.

Эмм не кылам эми?Ата энелерибиз билбейт.аНЫН АТАСЫ МЕНТ МАЙОР. башында алайын деген деле оюм жок болчу.

Эмне кылам,айлам кетти?

#2 Лепешка с чаем
  • Заблокированные
  • Cообщений: 51
  • Регистрация: 07-03-2012
  • Предупреждения: 1

Балык

кудай деп уйлон, а то баары жаман болуп кетет, уйлон уйлон, уйлон!!!менде мурун ушул сыяктуу окуя болгон, азыр окуном, уйлооооооооннннн!!!

#3 Dakara
  • На удаление
  • Cообщений: 20 228
  • Регистрация: 03-03-2010

Лепешка с чаеммага кел нике кыйып берем

#4 Гость_kentek_*
  • Гости
  • Регистрация: --

Бойдон алдыруугаИсламдын көз карашыИслам аалымдарынын бойдон алдыруу маселесине болгон көз карашы бир жактуу: алардын баары кошбойлуулук эненин денсоолугуна коркунуч келтирүүдөн тышкары башка баардык жагдайларда бойдон алдырууну арам деп эсептейт (айрым аалымдар зордукталып калган учурларда да бойдон алдырса болот дешет).Бүгүнкү дүйнөдө мусулман эмес деле көпчүлүк адамдар бойдон алдыруу өлтүрүү менен барабар эмеспи дегендей суроого жооп издешүүдө. Исламда бул суроого берилчү жооп бойдон алдыруу кайсы мөөнөттө болуп жатканына жараша болот.Адамдын жатын ичиндеги өнүгүшү - Аллахтын жышаандарынын бири. Бул тууралуу Ыйык Куранда бир нече жолу сөз болот: "Эй адамдар! Эгер силер кайра тирилүүдөн шектенсеңер, анда биз силерди топурактан, андан соң тамчы уруктан, анан уйуган кандан, анан калыптанган же калыптанбаган биз үзүм эттен силерге (муну) түшүндүрүү үчүн жараттык. Анан жатындарга өзүбүз каалаган нерсени белгилүү бир мөөнөткө чейин жайгаштырып койобуз" (22:5)."Ал - силерди топурактан, андан соң тамчы (уруктан), анан уйуган (кандан) жараткан, анан ымыркай кылып чыгарган, анан силерди эр жеткирип, анан карытып картайткан зат" (40:67)."Ал силерди энеңердин курсагындагы жаратуулардын улам биринен кийинкисине өтүп, үч караңгылыкта жаратты" (39:6).Биерден көрүнүп тургандай, адамдын эненин курсагындагы өсүшүн үч баскычка бөлсө болот экен (муну кийинчерээк илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары да далилдеди):1. Жумуртка клеткасын уруктандыруу жана анын андан аркы бөлүнүшү (тамчыдан жаратуу).2. Адамдын бирөңчөй массадан ар түрдүү органдарынын жана терилеринин калыптанышы (уюткудан жаратуу).3. Түйүлдүктүн биротоло өсүп жетилиши (натыйжасы - "силерди ымыркай кылып чыгарды").Түйүлдүктө жандын качан пайда болоорун боолголоп билсе болчудай бир хадис бар: "Урук ичке киргенден баштап кырк түн өткөндөн кийин Аллах периштесин жиберип, (ал) (түйүлдүктү) калыптайт. Андан соң ал ага угуу жана көрүү жөндөмүн берип, тери, эт, сөөктөрүн жаратат да, андан соң: "О менин Жаратканым, бул эркек болобу же ургаачы болобу?" деп айтат. Анан сенин Жаратканың өзү каалагандай чечет, ал эми периште болсо аны ишке ашырат да, кайра: "О менин Жаратканым, анын келечеги кандай болот?" деп сурайт. Жараткан кайра дагы чечим кабыл алып, периште аны жазып койот". Ошентип, адамдын тагдыры ошондон эле белгиленип койот да, буга эч нерсени кошууга да, мындан эч нерсени алууга да болбойт. Адам тагдырын аныктап жаткан ошол ирмем деп (так ошондо түйүлдүктө жан пайда болот экен) бойго бүтүүнүн 120-күнү эсептелет. Ушул күндөн кийинки жасалган бойдон алдыруу чындап келгенде киши өлтүрүү менен барабар.Кокус кошбойлуулук эненин өмүрүнө зыян келтире турган болсо, анда бойдон алдырууга азыраак зыян катары баардык мөөнөттө уруксат берилет.Айрым аалымдар 40 күндүк мөөнөттү өзгөчө белгилешип, андан кийинки бойдон алдырууну "арамыраак" деп санашат (дегеле бойдон алдыруу арамдыгынын деңгээли жөнүндө айта келсек). Мисалы, зордуктап салуунун натыйжасындагы кошбойлуулукту токтотуп, бойдон алдыруунун демейде ушул мөөнөтүн белгилешет. Имам аль-Газали бойдон алдыруунун кайсы мөөнөтү болбосун, адам өмүрүнө каршы жасалган кылмыш деп эсептейт.Ал эми эң жаңы ыкмаларды колдонуу менен эненин курсагындагы түйүлдүк мүчүлүштөр менен төрөлө турганын билип алууга келсек, мында да көпчүлүк аалымдар кошбойлуулук мөөнөтү кырк күндөн ашпаса гана бойдон алдырууга болот деген пикирде. Андан тышкары, кандай тубаса оорулар наристеге коркунуч туудураарын де эсепке алыш керек экен. Мисалы, шейх Юсуф аль-Кардави эгер сөз сокурлук, дүлөйлүк же дудуктук жөнүндө болсо, анда бойдон алдыруу жөнүндө ооз ачууга да болбойт деп жазат. Себеп дегенде мындай кемчиликтери менен төрөлгөн адамдар кийин коомдун толук кандуу мүчөсү гана болуп чыкпастан, адам ишмердигинин айрым багыттарында залкар натыйжаларга да жетишкен учурлары толуп жатпайбы. Анан калса, Аллах момундарына айрым заттарды сыноо катары да жибериши мүмкүн экенин эстен чыгарбаш керек. Эгерде болочок баланын ден соолук абалын толук билүүгө мүмкүн болбосо (ал эми 100 % чындыкты бүгүн бир да бир изилдөө ыкмасы айтып бералбайт), ата-эне Аллахтын ырайымына таянышы керек жана Ал жазган тагдырга моюн сунууга тийиш.Ал эми зордуктап салуудан улам чыккан бойдон алдырууга келсек, көпчүлүк аалымдар бойдон алдырууну мүмкүн дешсе да (кошбойлуулуктун кырк күндүк мөөнөтүнө чейин), аны аткаруу сөзсүз эле милдет эмес. Мындай учурларда эне кантсе да баланы көтөрүп, төрөп жана багып чоңойткону парыз делет. Андан тышкары, андай айалды моралдык жана материалдык жактан колдоп, жана да болочок баланы багып өстүрүүгө жардам берүү максатында ал аялга үйлөнүү колунан келген баардык мусулмандар үчүн адал иш экендиги жалпыга маалым болсо керек.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎