Кыргызский язык. полезная информация
6 САН АТООЧ Заттын санын, иретин, эсебин, болжолун, тобун, катар тартибин билидирген сөз түркүмү сан атооч деп аталат.Сан атооч сөздөр канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берет.Сан атооч сөздөр сүйлөм ичинде ээлик, баяндоочтук,айкындоочтук милдетти аткарат. М: Ажардын жашы он үчтөрдө (баяндоочу - он үчтөрдө). Жыйырма беш бешке бөлүнөт (ээси -жыйырма беш, айкындоочу — бешке). Алты жерде беш — отуз (баяндоочу - отуз) ж.б.Сан атооч сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөйү бир гана сөздөн, татаалы эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт. М: Жөнөкөй: эки, беш, он, жыйырма, кырк, жүз, миң, миллион. Татаал: он үч, отуз эки, бир миң тогуз жүз алтымыш сегиз ж.б. Сан атоочтор маанисине карай 6 га бөлүнөт. 1. Эсептик сан. 2. Иреттик сан. 3. Жамдама сан. 4. Чамалама сан. 5. Топ сан. 6. Бөлчөк сан. 6.1.ЭСЕПТИК САН АТООЧЗаттын санын, эсебин билдирип, канча? нече? деген суроого жооп берүүчү сан атоочтор эсептик сан атоочтор деп аталат. М: бир, төрт, он, отуз, элүү, сексен, үч жүз, миң, миллион, он окуучу, отуз беш китеп, кырк дептер, он беш карандаш, үч жүз онго бөлүнөт ж.б. 6.2.ИРЕТТИК САН АТООЧЗаттын иретин, тартибин, катарын көрсөтүп, канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берүүчү сандар иреттик сан атооч деп аталат.Иреттик сан атоочтор эсептик сандарга -ынчы (-нчы) мүчөсү улануу менен түзүлөт. М: бир+ынчы=биринчи, үч+ынчы=үчүнчү, жети+ынчы=жетинчи, сегиз+ынчы=сегизинчи ж.б.Иреттик сандын -ынчы мүчөсүнөн кийин чыгыш жөндөмөнүн -дан мүчөсү уланып айтылганда киринди сөздүк мааниде колдонулат.М:, Менин силерди чакырткан себебим төмөнкүчө: биринчиден, алдыдагы ишти кеңешүү, экинчиден, алтын кушту издеп табуу. 6.3.ЖАМДАМА САН АТООЧСан менен заттык түшүнүктү жамдап көрсөтүп, канчоо? нечөө? деген суроолорго жооп берүүчү сандар жамдама сан атооч деп аталат.Жамдама сан атоочтор эсептик сандарга -оо, -өө мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. М: бирөө, экөө, алтоо ж.б.Жак мүчөлөр уланганда төмөндөгүдөй өзгөрөт: бирөөбүз (сүңөр, сүздөр), экөөбүз (сүңөр, сүздөр), алтообуз (суңар, суздар) ж.б.Жамдама сан атоочтор сүйлөм ичинде ээлик, аныктоочтук, толуктоочтук милдетти аткарат. М и с а л ы: Окугандардан алтоо сыйланды (ээси - алтоо). Үчөөнө Ардак грамота берилди (толуктоочу - үчөөнө). Экөөнүн иши жакшы деп бааланды (аныктоочу - экөөнүн). 6.4.ЧАМАЛАМА САН АТООЧЗаттын санын чамалап, болжолдоп көрсөтүүчү сандар чамалама сан атооч деп аталат. Чамалама сан атоочтор төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.1.Ч сан эсептик сан атоочтордун өз ара айкалышуусу аркылуу жасалат: алты-жети, он-он беш, кырк-элүү, , сексен-токсон, ж.б.2.Эсептик сан атоочторго жакын, чамалуу, ашуун, чакты деген өздөрдүн өз ара айкалышуусу менен түзүлөт. М: отузга жакын, кырк чамалуу, жүздөн ашуун, жыйырма чакты, . 1.Эсептик сандарга -дай, -ча, -даган мүчөлөрү улануу менен түзүлөт. М: отуздай, кырктай, элүүчө, алтымышча, ондогон, жүздөгөн. 1. Эсептик сандарга көптүк -лар мүчөсү, көптүк мүчөсүнөн кийин жөндөмө мүчөлөрдүн бири улануу менен чамалама сан атооч түзүлөт да, заттык мааниде колдонулат. М: Анын жашы кырктарга барып калды. Ушул айдын жыйырмаларына жакын Москвага жөнөйм. Саат бирлерде биз сабактан тарайбыз. 6.5.ТОП САНЗаттын санын топ-тобу менен көрсөтүп, канчадан? нечеден? деген суроолорго жооп берүүчү сандар топ сан деп аталат. Кыргыз тилинде топ сандын өзүнчө тиешелүү мүчөсү жок, бир же эки кайталанган эсептик сандарга чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү улануу менен гана жасалат. М: Алар бештен, биз үчтөнбүз. Алдыңкыларга төрттөн китеп сыйлык 6/6.БӨЛЧӨК САНЗаттын санын майдалап, бүтүн сан менен бөлүктүн өз ара катышын билдирген сан бөлчөк сан деп аталат.Бөлчөк сан чыгыш жөндөмөсүнүн -дан мүчөсү аркылуу жасалат. Бирок чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) бөлчөк сандын биринчи бүтүн санына уланып, анын бөлүгүнөн мурда айтылат.М: экиден бир; бештен үч ; ондон эки ; жүздөн жыйырма беш ж.б. 6.7.САН АТООЧТОРДУН ЖӨНДӨЛҮШҮ Жөндөмөлөр Эсептик сан Иреттик сан Бөлчөк сан А. И. Б. Т. Ж Ч. отуз отуздун отузга отузду отузда отуздан төртүнчү төртүнчүнүн төртүнчүгө төтүнчүнү төртүнчүдө төртүнчүдөн Ондон беш ондон бештин ондон бешке ондон бешти ондон беште ондон бештен Жамдама сан атоочтор үчүнчү жактын таандык мүчөсү уланган зат атоочтор сыяктуу жөндөлөт. М:. Жетөө жетөөнүн жетөөнө жетөөнү (жетөөн) жетөөндө жетөөнөн 6.8.САН АТООЧТУН ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИЖөнөкөй сандар айрым жазылат. М: бир, эки, он, жыйырма, отуз, кырк, алтымыш, сексен, токсон, жүз, миң.Төмөнкү эсептик сандарда эки л катар жазылат: миллион, миллиард, триллион, триллиард.Иретти көрсөтүүчү сандар цифрра аркылуу берилсе, цифра менен кийинки сөздүн ортосунда дефис коюлуп, -ынчы, -нчы мүчөсү жазылбайт: 5-класс, 1999-жыл, 10-катар ж.б.Иреттик сандар рим цифрасы аркылуу берилсе, дефис коюлбай, бөлөк жазылат. М: IV класс, XXI кылым, X глава.-оо, -өө мүчөсү сан атоочтор менен бирге жазылат да, аягы үндүү менен бүткөн сөздөргө уланганда, уңгунун аягындагы үндүү түшүп калат. Мисалы: эки+өө=экөө, алты+оо=алтоо, жети+өө=жетөө. 6.9.САН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК КЫЗМАТЫЭэлик (затташып): Экөө барды, үчөө келди. Бешинчилер тарашты.Баяндоочтук: Мен он үчтөмүн. Атам кыркта. Асыл жетиде.Аныктоочтук: Беш киши келди. Жүздүн жарымы - элүү.Толуктоочтук: Саат ондордо келем. Онду онго кошсо жыйырма. Бышыктоочтук: Ал эки келди. Биринчи сыйландым. 6ЖАРЫЯ Жакынкы мезгилде болуучу ар кандай иш чараларды - жумушка алуу, кинофильм, спектакль көрсөтүү, жарманке, көргөзмөнүн ачылышы жөнүндө жана башка ар түрдүү коомдук иш чараларды элге кабардар кылуу максатында колдонулган иш кагазы - жарыя. Оозеки формадагы жарыя телекөрсөтүүдөн жана радиодон берилет. Жарыянын реквизиттеринин жайгашуу схемасы төмөнкүдөй:
1 - реквизитте иш кагазынын аты белгиленет (ЖАРЫЯ); 2 - реквизит - текст. Ал кыска, так болуп, сүйлөмдөрдүн маанилери логикалык ырааттуулук менен берилет; 3 - реквизит - иш чаранын өткөрүлүү убактысы; 4 - реквизит - ишчаранын өткөрүлүү жайы; 5 - реквизит - иш чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу кошумча маалыматтар. 6 - реквизит иш чараны уюштурган мекеме же коомдук топ. Жарыя менен кулактандыруунун реквизиттери, негизинен, окшош болот, бирок иш кагазында жарыянын аты айрым учурда белгиленсе, кээде аталбай эле, өткөрүлүүчү иш чара шыр баяндалат Жарнамалык жарыялар түрдүү форматта жана формада даярдалат. Графикалык стилистиканын элементтери - түрдүү шрифтер, боёктор менен жазуу, ар кандай фигураларды, сүрөттөрдү, фотолорду пайдалануу, жарнамалык тексттин жазылуу формалары ж.б. жарнамада өтө кеңири пайдаланылат. Жарыяда көрсөтүлгөн иш чарага катышуу ыктыярдуу түрдө болот. Ал ушул өзгөчөлүгү менен кулактандыруудан аймрмаланат. Окуу жайларына студенттерди кабыл алуу жарыясы бул иш кагазынын үлгүсү боло алат: Жарыя бардык эле учурда расмий түскө ээ болбостон, азил-тамаша же болбосо жарнама түрүндө түзүлүшү да мүмкүн. Мындай жарыялар окурмандын кызыгуусун пайда кылат. Концерт, кинофильм жана спектаклдер жөнүндөгү жарыялар, адатта, афиша деп аталат. Афишалар, адатта, көркөм кооздолуп, анда спектакль жана кинофильмдин аталышынан тышкары пьесанын, кинофильмдин айрым бир каармандары же алардагы кээ бир окуялардын көрүнүштөрүнүн элеси чагылдырылат. Кооздолгон мындай афиша көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө буруп, алардын кызыкчылыгын арттырууга жардам берери шексиз. 6ТИЛ КАТ Мекеме менен уюмдан же бирөөдөн буюм-тайым, карыз акча, ошондой эле эгин-тегин, мал, кездеме ж.б. алганда тил кат берилет.Тил кат - алган нерсесин тастыктоочу документ болуп эсептелет. Тил каттын негизги реквизиттери төмөнкүлөр: 1. Документтин аталышы (Тил кат). 2. Текст: а) тил кат берүүчү кишинин кызматы, фамилиясы, аты жана атасынын аты; б) акча, документ, буюм-тайым же башка бир нерсени берген кишинин кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты (зарыл болгон учурда мекеменин аты); в) акча, документ, буюм-тайым же башка нерселердин аталышы жана алардын саны (зарылдыгына байланыштуу баасы, акчанын суммасы) көрсөтүлөт; г) алынып жаткан буюмдун техникалык абалы (эгер ал машина, ар түрдүү аппараттар ж.б. болсо); 3. Тил каттын берилген убагы; 4. Тил кат берген кишинин колу; 5. Тил кат берген кишинин аты-жөнү. Алына турган акчанын суммасы же буюм-тайымдын баасы жана алардын саны тил катта толук көрсөтүлүп, кашаанын ичинде жазуу менен берилиши шарт. Тил каттын реквизиттери төмөнкүчө жайгашат:
1 - реквизит - документтин аты, 2 - реквизит - текст, 3 - реквизит - тил кат жазылган дата, 4 - реквизит - тил кат берүүчүнүн колу, 5 - реквизит - тил кат берүүчүнүн аты - жөнү. Тил каттын 6 - реквизити - "Күбөлөр:". Ал эми 7, 9 - реквизиттер күбөлөрдүн колу, 8, 10 - реквизиттер - күбөлөрдүн аты - жөнү. 6, 7, 8, 9, 10 - реквизиттердин тил катта болушу милдеттүү эмес. Тил кат аркылуу түзүлгөн мамиле күбөлөрдүн болушун талап кылса гана, акыркы беш реквизит пайдаланылат. Чоң суммадагы акча, баалуу буюм жана мүлктөр тил кат аркылуу берилгенде, документ мамлекеттик нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт. Тил кат акча-буюмду,мүлктү убактылуу ээлөөдөгү юридикалык күчкө ээ расмий иш кагаз болгондуктан, анын жазылышына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Тактап айтканда, текст менен коюлган колдун арасында бош калган жерлер сызылып ташталат. Тил каттын текстиндеги жазууларды өчүрүүгө, оңдоого тыюу салынат. Эгерде андай оңдоолор же өчүрүүлөр болсо, тил кат, расмий күчүн жоготкон деп эсептелет.
7.СЫН АТООЧ Заттын өңүн, түсүн, сынын, сапатын, даамын, формасын ж.б. көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат. М: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак ж.б. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат: М: Акылдуунун сөзү кыска (кыска — баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы -бышыктооч). 7.1.САПАТТЫК ЖАНА КАТЫШТЫК СЫНЗаттардын сын-сыпаты, өңү-түсү, даамы, формасы, мүнөзү, сапаты сыяктуу белгилерин түздөн-түз көрсөткөн сын атоочтор сапаттык сын деп аталат.М: ичке, сулуу, ак, жашыл, тунук, ачуу, тегерек, тоголок, шайыр, түнт, жакшы, жаман, кызылыраак, өтө чоң, абдан сонун, саргыч, бозолук, чоң-кичине, жакшы-жаман, ак-кара ж. б.Башка бир зат менен болгон байланышына, кандайдыр бир катышына карай заттын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүүчү сын атоочтор катыштык сын деп аталат.М: токойлуу жер, тоодой толкун, темирдей тартип, жаанчыл ай, даамдуу тамак, тумакчан киши, аталаш туган ж.б. Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража. 7.2 ЖАЙ ДАРАЖАЗаттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү ж.б. 7.3 САЛЫШТЫРМА ДАРАЖАЗаттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак). 7.4. күчөтмө даражаЗаттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат. а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл. б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонункөчөлөр ж.б. в) затташкан сын атоочтор күчтөмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуу су ж.б. 7.5 БАСАҢДАТМА ДАРАЖАЗаттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: -ыш - агыш, көгүш -гыл - киргил, чаңгыл -ылжым, -ылжын - көгүлжүм, көгүлжүн -гыч - саргыч -гылт - кызгылт -гылтым - кызгылтым ж.б. 7.6 СЫН АТООЧТУН ЖАСАЛЫШЫ Сын атоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: Зат атоочтон сын атооч жасоочу мүчөлөр: -луу – токойлуу жер, суулуу өзөн, малдуу адам -дай - тоодой толкун, алтындай сары, анардай кызыл -сыз - ботосуз төө, суусуз жер, айсыз түн -гы (-кы) - жазгы суу кышкы тоо, жайкы ысык -чул - суучул киши, жаанчыл ай, кишичил буура -лык - шаардык адам, айылдык жер, жылдык түшүм -чан - атчан адам, тончон бала, кийимчен киши -мер - ишмер кызматчы, сөздөр чал -дак - кумдак жер, таштак өрөөн, сыздак жер -кор - малкор адам, чайкор кемпир, дүнүйөкор бай -ий –илимий иш, тарыхый оку я, диний көз караш Этиштен сын атооч жасоочу мүчөлөр: -гыр - алгыр куш, өткүр бычак -гыч –аткыч киши, илгич мышык, жазгыч акын -гак - соргок кузгун, тайгак жол -аак - ыйлаак бала, тердээк ат -ык - жыртык кемсел, кетик тиш, тунук суу -чаак - таарынчаак бала, унутчаак киши, уялчаак кыз, тырышчаак окуучу -аанак - кабаанак ит, сүзөөнөк уй, качаанакат -калаң – шашкалаң киши, каткалаң үнсүз -ыңкы – көтөрүңкү кабак, басыңкы маанай -ма - жайма базар, өрмө жүгөн -ыш - тааныш адам, окшош буюм -ынды - уланды мүчө, туунду сөз -ын - агын суу, саануй -арман - чабарман жигит, күйөрман киши ж.б. 7.8 СЫН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК ЖОЛ МЕНЕН ЖАСАЛЫШЫ Сын атоочтор сөз менен сөздүн айкалышы аркылуу синтаксистик жол менен жасалат. М: улуу-кичүү, узун-кыска, ачуу-таттуу, майда-чүйдө, ак саргыл, кара тору, кызыл ала, кара көк, мала кызыл, кара кочкул ж.б. 7.9. СЫН АТООЧТУН ЗАТТЫК МААНИДЕ КОЛДОНУЛУШУ Сын атооч менен бирге айтылуучу аныкталгыч сөз түшүп калып, сын атооч зат атоочтук мааниде колдонулат: жакшы (адам) эл камын ойлойт, жаман (адам) өз камын ойлойт. Күлүк (ат) чапкан сайын арбытат. Жаманга айткан кайран сөз. Жакшыны жакшы билер ж.б. 7.10. СЫН АТООЧТУН СИНТАКСИСТИК КЫЗМАТЫ Затташып ээлик милдетти: кызылы тандалып алынды. Жакшыны жакшы билер. Баяндоочтук: Бүтүн жер жүзү - аппак, кооз жана эң сулуу. Аныктоочтук: Кадырлуу адамдар келишти. Ал мага жаңы кубат, жаңы күч берди. Бышыктоочтук: Ысмайыл ырайымсыз көрүндү. Унү жагымдуу угулду ж.б. 7ПРОТОКОЛ Чогулуш, жыйын, курултай ж.б. өткөрүлүшүн, анын катышуучуларынын чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, чогулуш кабыл алган токтомдорду так, кыска формада баяндаган расмий иш кагазы - протокол. 1. Чогулуштун кыска протоколу Чогулуштун кыска протоколунда биринчи бөлүгү күн тартиби менен толук берилет да, баяндамачынын, жарыш сөзгө чыккандардын аты-жөнү жана кабыл алынган токтом көрсөтүлөт. Демек, баядаманын мазмуну толук жазылбайт. Ошондуктан мындай протокол башка бирөөгө өтө эле түшүнүксүз болот. 2. Чогулуштун толук протоколу Чогулуштун толук протоколунда баяндамачы жана жарыш сөзгө чыккандардын сүйлөгөн сөздөрү кеңири түрдө баяндалат. Берилген суроолор, алынган жооптор толук жазылат. Турмушта чогулуштун толук протоколу көп колдонулат. Себеби протоколдун бул түрү башкаларга мазмуну боюнча түшүнүктүүлүгү жана көчүрмө жасоого ыңгайлуулугу менен айырмаланат. 3. Чогулуштун стенографиялык протоколу Чогулуштун стенографиялык протоколун атайын даярдыгы бар стенографисттер жазышат. Чогулуштун бул протоколунда жыйналыштагы бардык процесстер жана алардын аткарылуу тартиби катталат. 4. Чогулуштун фонографиялык протоколу Чогулуштун фонографиялык протоколу магнитофон тасмасына же видеокамерага жазылат. Мында баяндамачынын да, жарыш сөзгө чыккандардын да, суроо жана жооп бергендердин да сүйлөгөн сөздөрү толук жазылат. ПРОТОКОЛДОН КӨЧҮРМӨ Протоколдон көчүрмө тиешелүү адамга зарыл болгондо берилет жана ага мөөр басылып, жооптуу адамдын колу коюлгандан кийин, расмий укуктук күчкө ээ.
Ч. Айтматов “Ак кеме” повестинин сюжеттик линиясы Момундун таалим-тарбия программасы, анын таасиринде оожалган баланын аруу дүйнөсү, баланын каразгөйлүктөргө каршы трагедиялуу кыялый күрөшү сыяктуу идеяларга түйүндөлөт. Повесттын курулмасы Айтматовдун мурдагы жазган туундуларына, атүгүл эч кимдигине окшобойт. Чыгармага автордун эң алгачкы койгон аты «Жомок оромундагы жомок» болуп кийинче анан өзгөтүлгөн экен. Ушундан белгилүү болгону «Ак кеме» бир реял коркунучтуу жомок болуп, миф-аңыз жогору даражагы жетишген жазуу услубу катары чыгарманын талуу өзөгүн курап чыккан. Мында жомокко чындык далдаланып, чындык жомокту киндиктеш кубалай жүрүп олтуруп, «Ак кеме»нын укмуштай тамсылдик каймана маанидеги сыйымдуулугун өөрчүтүп, философыялык багыт туусун бийиктен саюуга мүмкүндүк жараткан. Повестте үч бурчтуу тогошкон сымволдук услуп бар болуп, бала сүйүү, сулуулук, аруулуктун сымволу. Анын тунук жүрөгүндө жаратылыштын ар бир тал ташы, ар бир сеңселген чөбү, чымчым топурагы ошончолук көркөм. Орозкул инـсандык мүнөздөн тескери жаралган ошол чөлкөмдүн мас-елес кейиптеги жарым кудайы болгон ташбоор зомогери ары элдер ыйыктаган бугу энени өлтүрүп кордогон мыкачы. Момун чал азыраак консерватып, шүгүрчүл, кайра мейрымдүү келип, ыкласмандуулуктун сымволу. Балага ушул момун чал «Бугу эне» уламышын айтып берип, көкөйүнө орноткон болчу. Ушул окшобогон диттеги үч түрдүү образ бүтүн елдин түптөлүп жаралышындагы тотемдик мифологиясы болгон касийеттүү бугу эненин алдында кан-жин аралашкан кыяматтык күчтүү күрөш алып барат. Күтбөгөндөгү натыйжада жырткычтык мээрымдүүлүк үстүнөн, каргыш махабат үстүнөн, адам табийгат үстүнөн, түркөйлүк маданият үстүнөн жеңиш казанган кирзыс көрүлөт да, бала менен чал чыгарманын өзөгүндө байкуштарча жеңилүүчү образдар. Момун чал өз жүрөгүнөн ыйыктаган ардактуу бугу энени орозкулдун басынтган зордугу менен өз колунда атып өлтүрүп, өлүмдөн калышбаган идеялык жазаага өкүм кылынат. Бала таятасы момундун үйрөтгөн жомогундагы ыйык бугунун былжырай чабылган башын жана адам жыйиркендирып чочуткан бугу этинын тамагын көргөндөн кийин анын туюмундагы баардык бакыт, жашоого болгон үмүтү өчөт. Ал көз алдындагы тырагедияны тосуп калууга чамасы жетбейт, ары кечирип жибере албайт да инـсанчылыктан безип, балык болуп кубулуп кетүүдөй арманы менен атасы согушка жөнөгөн кезде (анын атасы согуштан кайтбай калган болчу) Түшкөн ак кемени издеп өзүн чоң сууга таштап алат. Чыгарманын акыркы бүтүмү ушундай. Аңгеменин окуялык желишиндеги туюкташкан тырагедиянын өркөчүнө ээрчый чыгарма дагы арыйне философыялык мүнөздөгү иликтөө-жилктөөдөн белги санайт. Чыгарманын түпкү роху-идеясында аты аталбай, өз ата-енесинын да ким экендигин көрбөгөн жети жашар наристе уулдун турмушка болгон түш сыңары ууз сүйүүсүнүн кыйрашындагы тырагедиялык кайрак аркылуу автор бар кайратында адамзаттын көркөмдүк кемелденүүсүн боолголойт да, адамдардын кантип баратса деле ак дылдүүлүк менен каяша көкөрүп турганын бүтүн күчүнө даңазалайт. Ат атоочтор төмөндөгүдөй топторго бөлүнөт: 1. Жактама ат атооч - мен, сен, сиз, ал, биз, силер, сиздер. 2. Шилтеме ат атооч - бу-бул, тиги-тигил, ошо-ошол, ушу-ушул, тетиги-тетигил, мына бу-мына бул, мына ушу-мына ушул. 3. Сурама ат атооч - ким? эмне? кайсы? качан? кайда? канча? кандай? кана? кайдан? 4. Таңгыч ат атооч - эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч кандай, эч канча, эчтеме, эч кайсы. 5.Аныктама ат атооч - бүткүл ,бардык,баары, бүтүн, ар ким, ар кайсы, өз, өзүм, ар бир, ар кандай, ар качан. 6. Белгисиз ат атооч - кайсы бир, кимдир бирөө, алда кандай, алда эмне, кандайдыр бир, бир нерсе.
8 Буйрук кат - бир тармакка тиешелүү болгон уюмдарга бирдей мазмундагы иш чараны аткаруу үчүн жогорку уюмдан берилген ар кандай буйруктарды баяндоочу иш кагазы. Буйрук каттын нускасы жиберилүүчү уюмдардын санына жараша даярдалат. Анын биринчи нускасы катты жиберген уюмда сакталат да, калган нускалары тизме боюнча уюмдун курамына кирген төмөнкү инстанциядагы уюмдарга жиберилет. Айрым буйрук каттарда текстке караганда кат жиберилүүчү уюмдардын аталыштары көп орунду ээлейт. Эгерде уюмдун 3-4 бөлүмчөсү болсо, бир баракка кат жазууга болот. Ушундай артык баш убарагерчиликтен качуу максатында кат жиберилип жаткан уюмдардын жалпы аттарын көрсөтүү максатка ылайыктуу. Ал "Бардык курулуш башкармаларына", "Бардык факультеттердин декандарына", "Бардык мектептердин деректирлерине" ж.б.у.с. белгиленет.Буйрук каттын текстинде каржылоого тиешелүү маселе болсо, катка жетекчи менен бирдикте баш бугалтыр да кол коёт. Уюмдарга жөнөтүлгөн нусканы уюмдун кеңсеси, жалпы бөлүм же уюмдун катчысы тастыктайт. Буйрук каттын реквизиттери төмөнкүдөй: 1. Каттын кайсы уюмдардын кандай жетекчилерине жөнөтүлгөнү (мисалы, "Бардык мектептердин деректирлерине"); 2. Текст; 3. Уюмдун жетекчисинин кызматы, колу жана аты-жөнү. Мы преклоняемся перед именем Чынгыза Айтматова, великого человека, поднявшего термин «манкурт». Мы сочувствовали образу Жоломана, из произведения «Буранный полустанок», забывшего свое происхождение, язык, свою душу. Это особенная тема, длинный рассказ. Сегодня мы называем «манкуртами» тех, кто, забыв свой дух, забыл кыргызский язык. Если внимательно посмотреть, среди забывших свой язык есть высокопоставленные служащие, чиновники и простые граждане.