ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖДИН АЛГАЧКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ДИПЛОМДОРУН АЛДЫ

ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖДИН АЛГАЧКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ДИПЛОМДОРУН АЛДЫ

Дипломдук иштин ордуна, студенттер бизнес долбоор сунуштайт. Бул долбоорлор Борбор Азиядагы Америка Университетинин Инновациялык колледжинде даярдалат.Бүгүн аталган окуу жайдын 161 бүтүрүүчүсүнө дипломдор тапшырылды. Иш-чарага Айдар Темиралиев күбө болуп келди.

Жуманын эң актуладуу маселеси менен берүүнү улантсак. Казинолорду мыйзамдаштыруу мыйзам долбоору калк арасында эң көп талкууланган тема бойдон калууда. Талаш-тартыштар уланып, ал тургай бул боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да комментарий берди. Казинону ачуу өлкөгө эмне берет төмөнкү материалда кененирээк..

Кыргызстанга азыр экономикабызды жолго коюп, аны андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турат. Бул тууралуу Президент Жапаров Жогорку Кеңештеги сөзүндө билдирди. Мамлекет башчысы салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү ишинен тышкары «Кумтөр» маселесин жолго коюу, өлкө бюджетине кошумча киреше булагын пайда кылуу боюнча иштер жүрүп жатканын эске салды. «Ири долбоорлордун бири „Камбар-Ата-1“ ГЭСин курууну колго алып жатабыз. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун эмдиги жылы баштайбыз деген жакшы ниет менен биринчи кадамыбызды жасадык. Бул ири долбоорлор жүзөгө ашып кетсе, „Кумтөр“ сыяктуу эле ири киреше булактары пайда болот», — деди Садыр Жапаров. Айдар Темиралиев Мамлекет башчысынын созүндөгү негизги темаларды тизмектейт.

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 1-сессиясы өз ишин жыйынтыктоо алдында турат. Эми эл өкүлдөрү шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн аймактарга чыгышат. Мыйзам чыгаруу бийлиги катары Парламент ушул убакка чейин бир топ мыйзамдарды кабыл алып, эл аралык келишимдерди ратификациялады. Жогорку Кеңештин жыйынтыктоочу жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ант беришти. Жыйынга катышкан Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, салык жана бажы жыйымдарынын көлөмү кыйла көбөйгөнүн, социалдык чөйрөгө, өлкөнүн энергокоопсуздугун чыңдоого, каржылоо сезилерлик жогорулаганын белгиледи. Алдыда маанилүү маселе — тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги тууралуу кеп козгоду. Кененирээк Мээрим Дүйшөналиеванын сюжетинде

1-июлдан тарта ишкердик субъекттерди текшерүү кайрадан жанданат. Буга ылайык парламент мамлекеттик көзөмөл органдарынын тизмесин кайра бекитти. Эми ишкерлердин укуктары канчалык деңгээлде корголот? Кесиптешим Айдар Темиралиев айтып берет

Кыргызстанда быйыл сугат суу өткөн жылга салыштырмалуу 151 млн куб метрге көп. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирип, сугат суу менен быйыл көйгөй болбоорун убадалады. Айыл чарба багытында аткарылып жаткан иштер туурасында кененирээк кийинки материалда.

ЖАЙКАнын “Бир айыл — бир продукт” долбоору мамлекеттик колдоого алынган улуттук долбоор болушу керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы делегациясы менен жолугушуу учурунда билдирди. Мунун максаты — жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен товарларды өндүрүү, аймактардын экономикалык потенциалын жогорулатуу үчүн жеке ишкерлердин башын бириктирүү. Эске салсак, “Бир айыл-бир продукт” долбоору Кыргызстанда 2006-жылы ишке кирген. Бул аралыкта ата мекендик, экологиялык жактан таза 600гө жакын продукциялардын түрү ички жана сырткы базарлардан өз ордун таба алды. Кененирээк кийинки материалда.

Элдин ишеними — ийгиликтин эң маанилүү кепилдиги! Президент Садыр Жапаровго элдин 92 пайызы ишеним артат. Мындай баалоо АКШнын сапаттуу, көз карандысыз жана ырааттуу сурамжылоо жүргүзгөн Эл аралык Республикалык Институтунун маалыматында айтылат. Сурамжылоого катышкан өлкөнүн бардык аймактарынын жашоочуларынын 85 пайызы Кыргызстандагы аткарылып жаткан иштер туура нукта баратканын билдиришкен. Элдин көз карашынын 85 пайызга жетиши бул уюмдун 2005-жылдан берки өткөргөн сурамжылоосунун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч экенин саясат талдоочулар жана серепчилер белгилешүүдө.

Баткенде Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин курулушу башталды. Бул медициналык окуу жайдын аймактардагы алгачкы кампусу болуп калмакчы. Комплекс бир эле учурда студенттердин билим алуусуна жана дарылоочу стационарда бейтаптарды кабыл алууга ылайыкташтырылат. Курулуш иштери бир жылдын ичинде бүткөрүлүп, 50 студентти кабыл алуу пландалууда. Кийинчерээк коңшу мамлекеттердин да жарандары контрактык негизде окутулушу мүмкүн. Мээрим Дүйшеналиева кененирээк.

Бизнес баштоо үчүн даяр стартаптар. Бул инновациялык долбоорлор Борбор Азиядагы Америка Университетинин Инновациялык колледжинде даярдалат. Бүгүн мындагы бүтүрүүчү студенттер эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө диссертацияларын жактады. Жаштар даярдаган долбоорлордо IT продуктылар жана өлкөдөгү бир катар социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдору камтылган. Кененирээк кийинки материалда.

Күзүндө Кыргызстандын жигердүү жаштарынын катышуусунда “Кыялымдагы келечек” форуму өтөт. 7 облустун жаштарынын жана чет мамлекеттердеги мекендештердин башын бириктире турган ири иш-чарада өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган ар кыл тармактар боюнча талкууларда сунуш-пикирле ортого салынат. Бул туурасында жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйынында белгиленди. Отурумда ишке ашырылчу дагы кандай долбоор боюнча сөз болду кабарчыбыз Мээрим Дүйшеналиеванын сюжетинде

«Мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот». Бул тууралуу, президент Садыр Жапаров, “Кабар” маалымат агенттигине берген соңку маегинде билдирген. Парламент тарабынан өткөн жумада жактырылган мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууга алынууда. Казинону легалдаштыруунун күңгөй-тескейи тууралуу эксперттердин жана жарандардын пикирин Айдар Темиралиев чогултту.

Кыргызстанда ички туризм өнүгүүдө. 3-4 жыл мурун ички туризм тууралуу түшүнүк кыйла аз болчу. Бул тууралуу айткан талдоочулар, азыр жарандар өзүлөрү жаратылыш койнунда эс алып, үй-бүлөлөрү менен жайкысын эле эмес, кышкысын дагы тоо-лыжа базаларда эс алуу күндөрүн кечирип жатышканын айтышат. Мындай пропаганда ички туризмди эле өнүктүрбөстөн, жаратылышка аяр мамиле кылуу, дени-сак жашоого үндөо жана албетте чет өлкөлөрдөн туристтерди тартууга жардам берүүдө. Темага кесиптешим Айьза Камчыбекова кененирээк токтолот.

ВИЧ/СПИД жана кургак учук илдети кылым оорусу деп айтылат. Дүйнө жүзүндө бул дарт менен ооругандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүп келет. Кыргызстанда да буга чалдыккандардын саны аз эмес, тескерисинче өсүүдө. Адистердин айтымында, 2018-жылы илдетке чалдыккандардын саны 9 миңге жетсе, бүгүнкү күндө 11 миң 400 адам каттоодо турат. Анын 10 миңден ашууну кыргыз жарандары болсо, бир миңдейи чет элдиктер. Бүгүн “Эфью” коомдук фонду калктын ден соолугун коргоо боюнча координациялык комиссиялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Министрлер кабинетинин 2022-2026-жылдарга “ВИЧ инфекциясын жеңүү боюнча программасын” ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо максатында семинар уюштурду. Аянтчада илдет менен күрөшүү жана аны алдын алуунун жолдору тууралуу сунуштар менен докладдар жасалды. Кененирээк Айдар Темиралиевдин материалында.

Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу — учурдун талабы. Бул жаатта мамлекет ККМ колдонгон ишкерлерге колдон келишинче максималдуу жеңилдиктерди берип жатат. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү кызматтар жана контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан сунуштарды талкуулоо боюнча жумушчу топтун отурумунда билдирди. Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер ККМ аппараттарды кантип иштетүүнү түшүнбөй жаткандар бар экенин айтып, бул жаатта коомчулукка кеңири маалымат берүү маселесин көтөрүштү. Алдыда кененирээк баяндалат.

Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир жер алдынан өтчү туннель табылды. Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы үйлөрдүн биринен табылган бул 60 метрлик жол Өзбекстан менен байланыштырат. Жакында эле ушундай 2 туннель табылып, тергөө иштери жүрүп жаткан эле. Аткезчилик товарлар ташылган мындай жер алдындагы жолдор дагы болушу мүмкүн дешет адистер. Кененирээк Мээрим Дүйшеналиеванын материалында.

Президент Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кен жайына барды. Анда Садыр Жапаров алтындын кору жайгашкан Бучук тилкесин карап чыгып, Солтон-Сары кен жайында Алтын-Төр тилкесин иштетип келе жаткан «Солтон-Сары кени» ишканасынын иши менен таанышты. Ошондой эле, мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Жеке маалыматтын кыймылына көз салуу. «Жеке маалыматтар массивдерин кармоочулардын реестри» пилоттук режимде ишке киргизилди. Долбоордун алкагында кыргызстандыктар жеке маалыматтарын ким чогултуп, кимге өткөрүп жатканын көрө алышат. Аларды реестрде сактоо милдети жаңыдан түзүлгөн Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлөт. Ошондой эле талаптар белгиленип, алар мамлекеттик кызматкерлерге, коммерциялык эмес уюмдарга жана өкмөттүк эмес уюмдарга, ошондой эле бизнес секторуна тааныштырылды. Системанын иштеши жана өз ара аракеттенүү регламенти маселелери талкууланды, ошондой эле реестрди толтуруу боюнча тренинг өткөрүлдү.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎