БЫЙЫЛ ТУРИЗМ ТАРМАГЫНДА 30 ДОЛБООР ИШКЕ АШАТ

БЫЙЫЛ ТУРИЗМ ТАРМАГЫНДА 30 ДОЛБООР ИШКЕ АШАТ

Саналуу күндөн кийин Нарын шаарында заманбап боз үй шаарчасы ачылат. Экотуризмге ылайыкталган мындай эс алуу борбордун дагы бири азыркы тапта Бишкектин аймагында курулуп жатат. Ал тоо койнунда саякаттагандар үчүн жыл бою иштемекчи. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо” фондусунун президенти Елена Калашникова билдирди. Быйыл санаторий-курорттук тармакты калыбына келтирүү, эс алуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жалпы жонунан 30 долбоор ишке ашары айтылды.

Өлкөнүн Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши түзүлдү. Күн мурун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык, кеңеш ар жума сайын өткөрүлүп турат. Инвестициялык климатты жакшыртуу, андагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн кеңеш жана бул жаатта жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында кененирээк кийинки материалда сөз кылабыз.

Быйылкы жылдын алгачкы беш айында ички дүң продукциянын көлөмү 270 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу болжол менен 6 пайызга көп. Статистикалык комитеттин чыгарган жыйынтыгы жана бул жааттагы өсүштөр тууралуу кененирээк кийинки сюжетте.

Чет өлкөлүктөр үчүн гана кумарканалардын иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоору күн мурда эл өкүлдөрүнөн колдоо таап, кабыл алынган. Талаш-тартыш менен коштолгон мыйзам коомчулукта кызуу талкуу жаратып, кыргыз жарандары дагы кирет деген кооптонуулар бар. А бирок кумаркана, букмекердик контора, автоматтык оюндардын түрлөрүнө уруксат берүү менен мамлекетке Кумтөрдөн түшкөн каражаттан көп пайда алып келсе болот деген серепчилер мыйзамдын кабыл алынышы менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы жакшырат дешет. Кийинки материалда кененирээк.

Кыргызстандын тоо системаларын сактап калуу аракеттери. Британиянын “The Independent” басылмасы Кыргызстандын президентинин эксклюзивдүү маегин жарыялады. Анда Садыр Жапаров Глазгодогу саммитте эмне үчүн тоо экосистемаларын сактоо маселесин көтөргөнүн айтып, республика бул көйгөйдү кантип чечип жатканына токолгон. Кийинки материалда кененирээк.

Кытайга 280 миллион доллар тышкы карызды төлөшүбүз керек, 245 мектеп авариялык абалда турат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Мындан улам аткаминер туризм тармагын өнүктурүү анын ичинде кумарканаларды ачуу зарылчылыгы турганына токтолду. ДепутаттаР бул отурумда «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. З-окууда мыйзам долбооруна жыйында катталган 72 депуттын 58и макул 9 эл өкүлү каршы добуш берди. Парламент төрагасы Талан Мамытов Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынгандыгын жарыялады.

Үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумга куран окутуу иш-чараларында ашыкча ысырап азайды. Буга мындан 4 ай мурда чыккан Президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынан кийин калк арасында ашыкча чыгымдарды болтурбоо боюнча тушунүк пайда болгонун жарандар айтышууда. Азыркы күндө үй-бүлөлүк салтанаттарга чактап конок чакырылып, той-аштарда жана маркумду акыркы сапарга узатууда бодо мал союусуз өткөрүлүп жатат дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Теманы кабарчыбыз Мээрим Дүйшөналиева улантат

Эмдөө — ковид-19ду жеңүүнүн натыйжалуу чарасы. Дарыгерлердин айтымында, вакцина алгандар коронавирус жуктуруп алса, оору жеңил өтөт. Ошондой эле өлүм учурларын азайтат. Вакцина алуунун пайдалуу жактарын калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында дарыгер жана медайымдарга семинарлар өтүлүүдө.

Баткен облусунда өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен 140 үй талкаланган. Ошондон бери мамлекет объектилерди калыбына келтирүү иштерин баштаган. Маалым болгондой, чек ара жаңжалында Максат айылы башкаларга караганда көбүрөөк жабыр тарткан. Айылдын бир жылда кантип калыбына келтирилгени кийинки сюжетте кененирээк.

Бүгүнкү күндө өлкө аймагында мурда дүркүрөп иштеп, продукциясын чыгарган айрым ишканаларды азыр кара кулпу кайтарып турат. Ар кандай себептерден улам иштебей бош турган заводдорду кайрадан ишке киргизүүгө ушу тапта көңүл бурулууда. Алардын бири Бишкектеги нан бышыруучу цех. Жакын арада андан нандын буркураган жыты чыгып, ишин жандантуу талабы коюлду. Кабарчыбыз Мээрим Дүйшөналиева кененирээк айтып берет.

Органикалык, экологиялык таза азыктар Кыргызстандын өзгөчө бренддеринин бири. Алардын катарын өрүк да толуктайт. Экспортко кете турчу өлкөдөгү өрүктөрдүн бир топ үлүшү Баткен облусуна туура келет. Ал аймактын негизги киреше берүүчү айыл чарба продукциясы. Учурда облуста 7 миң гектардан ашык өрүк багы иштетилип, жылдык кургатылган өрүк 20 миң тоннадан ашык өндүрүлөт.

Бишкекте “Expo-Россия Кыргызстан-2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү ачылды. 3 күнгө созула турган көргөзмөгө 300гө чукул компания катышып жатат. Алар жарандарга өз кызматтарын жана продукцияларын сунуштоодо. Бул аянтча эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө көмөк берери белгиленүүдө. Кесиптешим Мээрим Дүйшөналиева иш-чаранын катышуучуларын кепке тартты.

📎📎📎📎📎📎📎📎📎📎